# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин2020-жылдын 1-июлундагы № 229 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин2020-жылдын 1-июлундагы № 229 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 229
- Дата принятия: 01.07.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.07.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/482095>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70391/edition/1045826/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.07.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин2020-жылдын 1-июлундагы № 229 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.07.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/482095

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

2020-жылдын 1-июлу № 229 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордунун штаттык бирдиги (1штаттык бирдик) бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети дотацияда болуп жана 2020-жылга жергиликтүү бюджетте айылдык кеӊештин катчысынын штат бирдиги каралбагандыгы белгиленсин.

3. КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык киргизилген айылдык кеӊештин катчысынын штат бирдигине айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен ага жумшалуучу каражатты чечип берүү жагы КРнын каржы министрлигиинен суралсын.

4. Бекитилген штаттык бирдик тууралуу Токтогул райондук финансы бөлүмүнө билдирүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы

К.Байсопуев
