Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Таш-Булак айылдык кеңешинин «Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2020- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2021-2022- жылдарга божомолу жөнүндө.» токтому
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XXII- СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 04-февралы № 03 Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2020- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2021-2022- жылдарга божомолу жөнүндө. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жана 2020-жылга киреше жана чыгаша булактарын, 2021-2022-жылдарга божомолүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкулованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы кирешелеринин аткарылышы 20619,3 миң сомго анын ичинен жергиликтүү кирешелер 14599,6 миң сом жана республикалык бюджеттин трансферттери 6019,7 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар 21560,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп 19298,0 мин сом өлчөмүндө (анын ичинен бюджеттик каражат 13199,2 мин сом,атайын каражат 576,0 мин сом, теңдөө грант 5522,8 сом) бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2021-жылга 14242,0 миң сом,2022-жылга 14657,0 миң сом, теңдоо гранттын божомолу 2021-жылга 5456,6 миң сом,2022-жылга 5336,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр жана беренелер аралык бөлүнүшү 19298,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Теңдөө гранттын көлөмү 2020-жылга 5522,8 мин сом өлчөмүндө №4-тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте коргоого алынган статьяларды (эмгек акы,социалдык фондко чегерүүгө) каржылоо бекитилсин.
6. 2020-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018- жылдын 20-июнундагы №208-б сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме уюмдарга бөлүнүшү 556,7 квт өлчөмүндө №6-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимититтерди сактоо мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана мектеп имаратында жайгашкан жеке ишканалардын электр линияларына эсептегичтердин орнотулуусун көзөмөлдөө мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылгандыгы боюнча карыздары өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
7.”Ласточка” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 27.12.2016-жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты бекитилсин.
8. Мектептерди 2020-2021-окуу жылында кышка отун жана көмүр менен камсыз кылууга 90,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн жана №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. ”Ласточка” атындагы балдар бакчасына 2020-2021-кыш мезгилине карата отун жана көмүр менен камсыз кылууга 30,0 сом акча каражаты бөлүнсүн бекитилсин.
10. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы №241 токтомдорунун негизинде каржылансын.
11. Айыл өкмөт башчысынын транспорттук кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде бекитилсин.
12.2020-жылга башкаруу бөлүмүнүн (22154900) ар түрдүү башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесинин эсеби 2089,0 мин сомго №11-тиркемеге, (3112) машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 173,0 мин сомго бекитилсин.
13. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн (3111) имараттар жана курулмалар беренесинин чыгымдары 4442,9 мин сом (3112) машина жана жабдуулар беренесине 50,0 мин сом бекитилсин.
14. Билим берүү бөлүмүнүн (2215) имараттарын күтүүнүн санитардык кызматы чыгымдарына 182,0 мин сом, (2221) имараттарды жана жайларды учурда ондоого кеткен чыгымдар беренесине 230,4 мин сом,(3111) имараттар жана курулмалар беренесине 90,0мин сом, (3112) машина жана жабдуулар беренесине 15,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
15.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү 170,0 мин сомго бекитилсин..
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 30 штат бирдиги кармалып,эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017-жылдагы №131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдун негизинде 5309,9 миң сом бекитилсин.
17. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн 5 штат бирдиги 275,0 миң сом эмгек акы фондусу менен бекитилсин.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 токтомуна ылайык маданият кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акы фонду 181,5 мин сомго бекитилсин.
19. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.Жайыт жерлерине социалдык взносторду төлөө жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктөлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын эсеби 500,6 миң сомго (анын ичинен 108,9миң сом жер салыгы, 388,0 миң сом жайыт жерлеринин ижара акысы) бекитилсин.
20. Жайыт комитетинин чыгашалары 333,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Чыгымдарды келишимдин негизинде каржылоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
21. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу аренда эсепчиси Р.Аскаровго милдеттендирилсин.
22. 2020-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттик чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
23. Бюджеттин мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
24. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
25. Бекитилген токтомдун жарыяланышын жана юстиция башкармалыгына тапшыруу жооптуу катчы З.Зумаевге милдеттендирилсин.(токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет).
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы
Шермат уулу Алмаз
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 20 июня 2018 года N 208-р (Об утверждении годовых лимитов потребления электрической, тепловой энергии и природного газа для собственного…Распоряжение · 20.06.2018 · № 208-б
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 января 2011 года №16 "О введении новой системы оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 19.01.2011 · № 16 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу