# Таш-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындаггы № 11 “Айым-Арал айылынын көчөсүнө Тойчиев Ташинин атын коюу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындаггы № 11 “Айым-Арал айылынын көчөсүнө Тойчиев Ташинин атын коюу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 12.11.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.11.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481923>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70219/edition/1042973/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.11.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындаггы № 11 “Айым-Арал айылынын көчөсүнө Тойчиев Ташинин атын коюу жөнүндө” токтому (ред. от 12.11.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/481923

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XXI- СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 12-ноябры № 11 “Айым-Арал айылынын көчөсүнө Тойчиев Ташинин атын коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Айым-Арал айылынын тургундарынын 2019-жылдын 01-ноябрында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XXI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Айым-Арал айылынын көчөсүнө “Тойчиев Таши”нин аты ыйгарылсын.

2 .Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жанаошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Тойчиевдордун үй- бүлөөсүнө жуктөтүлсүн.

2. Тойчиев Ташинин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы

Шермат уулу Алмаз
