# Таш-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-июлундагы № 06 “Типовой участкасындагы аты жок көчөсүнө Барчакеев Мамбеталынын атын коюу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-июлундагы № 06 “Типовой участкасындагы аты жок көчөсүнө Барчакеев Мамбеталынын атын коюу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 06
- Дата принятия: 25.07.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.07.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481907>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70203/edition/1042797/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.07.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-июлундагы № 06 “Типовой участкасындагы аты жок көчөсүнө Барчакеев Мамбеталынын атын коюу жөнүндө” токтому (ред. от 25.07.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/481907

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XX- СЕССИЯСЫ

2019-жылдын 25-июлу № 06 “Типовой участкасындагы аты жок көчөсүнө Барчакеев Мамбеталынын атын коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Типовой участкасынын тургундарынын 2019-жылдын 12-июлунда өткөрүлгөн чогулуштун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XХ- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Типовой участкасындагы жаңы көчөгө “Барчакеев Мамбеталы”нын аты ыйгарылсын.

2. Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Барчакеевдердин үй- бүлөөлөрүнө жүктөлсүн.

3. Барчакеев Мамбеталынын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы

Шермат уулу Алмаз
