Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин № «М.Абдылдаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө» токтому
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 144
М.Абдылдаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, М.Абдылдаев айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Чолпон-Ата айыл аймагынын М.Абдылдаев айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордунун штаттык бирдиги (1 штаттык бирдик) бекитилсин.
2. Бекитилген штаттык бирдик тууралуу Токтогул райондук финансы бөлүмүнө билдирүү жагы ФЭБ башчы Н.Кукуевке милдеттендирилсин.
3. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко жүктөлсүн.
4. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы
С.Кылданов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу