# Масы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-майындагы № 4 "Бишкек-Ош, Маданият Жалал-Абад жана 4 фаза учаткаларында автожолдорун реконструкциялоо учурунда керектелүүчү кум шагал алууда Масы айыл аймагындагы Кара-Коюн участкасынан аянты 3 (үч) га жерден кум, шагал алууга карьер бөлүп берүү" жөнүндө токтому

- Полное наименование: Масы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-майындагы № 4 "Бишкек-Ош, Маданият Жалал-Абад жана 4 фаза учаткаларында автожолдорун реконструкциялоо учурунда керектелүүчү кум шагал алууда Масы айыл аймагындагы Кара-Коюн участкасынан аянты 3 (үч) га жерден кум, шагал алууга карьер бөлүп берүү" жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 08.05.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.05.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481326>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69629/edition/1027706/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.05.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Масы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-майындагы № 4 "Бишкек-Ош, Маданият Жалал-Абад жана 4 фаза учаткаларында автожолдорун реконструкциялоо учурунда керектелүүчү кум шагал алууда Масы айыл аймагындагы Кара-Коюн участкасынан аянты 3 (үч) га жерден кум, шагал алууга карьер бөлүп берүү" жөнүндө токтому (ред. от 08.05.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/481326

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2020-жылдын 8-майы № 4 Бишкек-Ош, Маданият Жалал-Абад жана 4 фаза учаткаларында автожолдорун реконструкциялоо учурунда керектелүүчү кум шагал алууда Масы айыл аймагындагы Кара-Коюн участкасынан аянты 3 (үч) га жерден кум, шагал алууга карьер бөлүп берүү маселесин угуп жана тулкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин өкүлү Осоров Азамжан Кадыровичтин ишеним катынын негизинде (доверенность № 14-8/1010 от 14.02.2020), өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 18.07. 2019-жылдын № 04-4/9607-сандуу каты жана КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-майындагы № 374 токтомунун жана ОсОО «АЗВИРТ» Кыргыз Республикасындагы филиалынын 2020-жылдын 6-мартындагы № 931 сандуу арызынын негизинде Бишкек-Ош, Маданият-Жалал-Абад жана 4 фаза участкаларында автожолдорун реконструкциялоо үчүн Масы айыл аймагынын Кара-Коюн участкасынан кум, таш шагал алуу үчүн 3 га жер тилкеси 2021-жылдын июль айына чейин бөлүнүп берилсин.

2. Аталган жер аянттарын иштетүүдө техникалык коопсуздуктарын сактап, калктуу конуштардын жолдорун оңдоп, чаңдан, суу себип туруу. Карьерге бөлүнгөн жер аянтын иштетип бүткөндөн кийин рекультивация жасатып кайра Масы айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү ОсОО «АЗВИРТ» Кыргыз Республикасындагы филиалына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовго тапшрылсын.

Масы айылдык Кеңешинин төрагасы

А Нарматов
