Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Момбеков айылдык кеңешинин «Момбеков айыл аймагындагы айылдарга блок постторду коюу жɵнʏндɵ» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
2020-жылдын 23-марты № 3 Момбеков айыл аймагындагы айылдарга блок постторду коюу жɵнʏндɵ Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 108, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Жарандык коргонуу жɵнʏндɵгʏ Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык 10-18-21-22-беренелерине таянып, Короновирус инфекция (COVID-19) эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу короновирус менен кʏрɵшʏʏ боюнча республикалык штаб Кыргызстанга 2020-жылдын 22-мартынан тартып бир ай мɵɵнɵт менен киргизилгендигине байланыштуу айыл аймагындагы айылдарга блок постторду коюу максатында айыл ɵкмɵтʏнʏн орун басары Б Раманкуловдун билдирʏʏсʏн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл ɵкмɵтʏнʏн орун басары Б Раманкуловдун билдирʏʏсʏ эске алынсын.
2. Короновирус инфекция (COVID-19) эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу короновирус менен кʏрɵшʏʏ ʏчʏн айыл аймагындагы тɵмɵндɵгʏ айылдарына блок посттор коюлсун:
3. Жазгак айылындагы мʏрзɵнʏн жанына жана саан короонун жолуна, Кыла айылындагы Наристе балдар бакчасынын жолуна жана Кыргоого айылынын жолуна, А Орозбеков кɵчɵсʏнʏн кире беришине (Н Исанов эстелигинин) жанына, Таштак айылына пахта заводдун жолуна, М Кимсанов кɵчɵсʏнʏн кире беришине, Бостон айылына ФАПтын жанынданы жолго, Курулуш айылына мектепке тʏшкɵн жолго жана эски Кочкор-Ата айылынын кире беришине коюлсун жалпысы болуп он жерге.
4. Блок постторду коюу, дежурствону уюштуруу, дежурствого турган атуулдарга шарттарды тʏзʏʏ жаан-чачындан, кʏндɵн коргонуу ʏчʏн чатырчаларды орнотуп, уюштуруу менен алардын тамак-ашын, маска, антисептик менен камсыздоо жагы айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысына жʏктɵлсʏн.
5. Блок постторго айыл башчылары, участкалык тейлɵɵчʏлɵр жана элдик кошундардын катышуусунда дежурсто уюштурулсун жана элдик кошундардын тизмелери такталсын.
6. Айыл аймагындагы 58 кɵчɵгɵ блок постторду коюуга мʏмкʏнчʏлʏк болбогондугуна байланыштуу блок пост коюлбаган кɵчɵлɵрдʏн тургундарына тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ жагы айыл башчыларына, айылдык кеңештин депутаттарына жана элдик кошундарга жʏктɵлсʏн.
7. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы Ж Сейитовага жʏктɵлсʏн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы
Т.Стамбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.