# Токтогул шаардык кеңешинин 2020-жылдын 04-июнундагы № 22 "Атайын эсептин Байкоочу кеңешинин курамына Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2020-жылдын 04-июнундагы № 22 "Атайын эсептин Байкоочу кеңешинин курамына Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 04.06.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481203>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69506/edition/1026576/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2020-жылдын 04-июнундагы № 22 "Атайын эсептин Байкоочу кеңешинин курамына Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча" токтому (ред. от 04.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/481203

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 04-июну № 22 Атайын эсептин Байкоочу кеңешинин курамына Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин акча каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктуна ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 01.06.2020-жылдагы № 891 билдирүүсүн, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 03.06.2020-жылдагы № 01-34/296 сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Эсептөө комиссиясынын жыйналышынын 04.06.2020-жылдагы протоколу бекитилсин (протокол тиркелет)

2. Ага ылайык, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин Байкоочу кеңешине Жапаров Элдияр Назарович Токтогул шаарынан өкүл болуп шайлангандыгы белгиленсин.

3. Токтогул шаарына Атайын эсептен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө, аткарылган иштер боюнча ар бир жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңешке кеңири маалымат берип туруу жагы Э.Н.Жапаровго милдеттендирилсин

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.

6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

М.Н. Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 04.06.2020-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын № 22 токтому менен бекитилди

Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылынын атайын эсептин каражаттарын пайдалануу, пайдаланышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын жыйналышынын ПРОТОКОЛУ Токтогул шаары 04.06.2020-жыл

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Бадыров Мелис Катчысы: Оргараева Нурзада Мүчөсү: Өзүбеков Аманбек

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы №41 токтому менен бекитилген, Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктуна ылайык, альтернативдик жол менен шайлоого сунушталган

1.Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич

2. Жапаров Элдияр Назарович

талапкерликтери жашыруун добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине киргизилди.

Депутаттардын добуш берүүсү менен шайлоо өткөрүлүп, урнаны ачып, бюллетендерди санаганда төмөндөгүдөй жыйынтыктарды берди.

1.Дөөлөтбеков Максатбек макул\_\_\_\_\_9\_\_\_\_\_\_\_каршы\_\_\_\_\_\_\_-\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2.Жапаров Элдияр\_\_\_\_\_\_\_\_\_макул\_\_\_\_\_11\_\_\_\_\_\_каршы\_\_\_\_\_\_\_-\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын жыйналышы ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон талапкер

Жапаров Элдияр Назарович Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин Байкоочу кеңешине Токтогул шаарынын атынан өкүл болуп шайлансын.

2.Бул протоколду бекитип берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынан 04.06.2020-жылдагы XXIV кезексиз сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: М.Бадыров

Эсептөө комиссиясынын катчысы: Н.Оргараева
