# Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому

- Полное наименование: Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481127>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69432/edition/1025738/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому (ред. от 09.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/481127

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 09-июну № 2 Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат орду (Б-Б) кызмат орундарынын классификациясы кадамдарына ылайык 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.

2. Бекитилген кызмат ордун ээлеген кызматкерди КРдин мыйзамдарына ылайык каржылоо айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Мансиркулов
