Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалалабад шаардык кенешинин (Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VIII чакырылышынын 09.03.2020-жылдагы кезектеги XXI сессиясынын №1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) токтому
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылыш кезексиз XXII сессия
2020-жылдын 1-апрели № 1 Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VIII чакырылышынын 09.03.2020-жылдагы кезектеги XXI сессиясынын №1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында жаӊы коронавирустук инфекция (COVID-19) аныкталып, анын ичинде Жалал-Абад шаарында кооптуу жагдай пайда болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.03.2020-ж. № 57- Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциясынын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” 17.03.2020-ж. №163-токтомун жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеӊешинин “Коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышын болтурбоо жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө” 31.03.2020-ж. № 7-чечимин эске алып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.03.2020-жылдагы чыг.№02-03/927, 31.03.2020-жылдагы чыг. №02-03/1032-каттарын жана Жалал-Абад шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш башкармалыгындагы Д.Шопоков көчөсүнүн реконструкциялоого деп каралган 53,0 млн. сом толугу менен курулуш иштери токтотулсун жана жогорудагы акча каражат №1-тиркемеге ылайык каржылансын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын атайын эсебине жаӊы коронавирустук инфекцияны (COVID-19 ) (мындан ары короновирустук инфекция) жоюу жана алдын алуу максатында спонсордук жана башка каражаттарды түшүрүп чыгымдоо үчүн 2020-жылга 2000,0 миӊ сом өлчөмүндө атайын эсеп каражаттарына чыгаша жана киреше бөлүгүнө бекитилип мэриянын буйругунун негизинде каржылансын.
3. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин жетекчилерине короновирустук инфекцияга байланыштуу чыгымдарды мекеменин жыл ичинде каралган каражатынын эсебинен чыгымдоого макулдук берилсин жана көзөмөлдөп мыйзам чегинде каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына жүктөлсүн.
4. №1-тиркемеде короновирустун алдын алуу жана кесепетин жоюуга деп алынган материалдар жана товарлар шаардагы мекемелердин катынын негизинде мэриянын буйругу менен бөлүнүп берилсин.
5. №1-тиркемеде тамак-ашка каралган каражат бүгүнкү күндө короновирустук инфекциясын тарап кетишине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн айынан жабыр тарткан жарандарга социалдык камсыздандыруу башкармалыгынын тизмесинде турган аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө, багар көрөрү жок жалгыз бой жарандарга, I, II, - топтогу жалгыз бой майыптарга пайда болгон муктаждыктарына көмөк көрсөтүү максатында комиисия түзүлүп, мэриянын буйругунун негизинде материалдык жардам катары бөлүп берүү жагы мэрияга жүктөлсүн.
6. Жалал-Абад областык клиникалык ооруканасына (ЖАОКО) короновирустун алдын алуу жана кесепетин жоюу үчүн жергиликтүү бюджеттен көмөк көрсөтүү максатында 1000,0 миӊ сом каражаты бекитилип берилсин, мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына жүктөлсүн жана аткаруу жагы ЖАОКОнын директору К.Ботокараевге милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө (ШИИБ) короновирустун алдын алуу жана кесепетин жоюу үчүн коомдук тартипти сактоодо жүргүзүлгөн иш аракеттерине көмөктөшүү максатында 2000,0 миӊ сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бекитилип берилсин, мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына жүктөлсүн жана иштетүү жагы ШИИБнүн башчысы Э.Молдокеевге милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга баалоонун жыйынтыгы менен кошулган каражат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2020-жылдын 5-февралындагы № 65- токтомуна ылайык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулагандыгына байланыштуу керектелүүчү 10445,9 миӊ сом каражатты (республикалык бюджеттен төлөнүүчү компенсация албаган мекемелер) мекемелердин эсептөө катынын негизинде каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
9. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга каралган 10 000,0 миӊ сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
10. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 500,0 миӊ сом акча каражатынан 11,0 миӊ сом акча каражаты №1-тиркемедеги чыгымдарга жылдырылсын, ал эми калган 489,0 миӊ сом мекеменин имаратын учурдагы оӊдоого жылдырууга макулдук берилсин.
11. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн бала бакчаларынын кампаларында тез бузулуучу тамак-аштын эсебин алып, Жалал-Абад шаарынын муктаж болгон жарандарына бөлүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрияга милдеттендирилсин.
12. Экономикалык классификация боюнча жогоруда бөлүнгөн каражаттарды аткарыла турган жумуштардын багытын өзгөртпөй, беренелерди мыйзамдаштыруу максатында жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О. Эшенкулов) милдеттендирилсин.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
15. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.Джолдошев
Жалал-Абад шаардык кеңештин
1-апрель 2020-жылдагы
кезексиз XXII-сессиясы
№1-токтомуна
№1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын 2020-жылга бекитилген бюджетине киргизилуучу озгортуулор
№
Мекеменин аталыша
статья
Кыскартылуучу сумма
Кошумча суралган сумма
иш чаранын аталышы
1
2
3
4
5
6
1
Капиталдык курулуш департаменти
3111
53000,0
Д. Шопоков көсөсүнүн реконструкциялоого каралган каражат
3111
6602,9
Р. Азимов кочосуно тротуар куруу (Б.Осмонов кочосунон Манас кочосуно чейин)
3111
4444,0
Шерматов кочосуно тротуар куруу (Б.Осмонов кочосунон "Рахат" базарына чейин)
2
Мамлекеттик салык кызматы
2215
250,0
Башка тейлоо кызматтарына
2222
250,0
Чарбалык максаттагы чыгымдар
2222
489,0
Имараттын ремонтуна
3
Мэрия
2824
1000,0
Резервдик фонд
2218
4050,0
Шаар тургундарына тамак аш алууга (15,0 мин литр осумдук майы 90 сомдон, 1500 кап ун 50кг. 1800 сомдон
10000,0
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга
2222
547,8
Жалал-Абад шаарына караштуу мекемелерге бет кап алууга (36520шт.*15 сом)
2222
7,8
Жалал-Абад шаарына караштуу мекемелерге кол кап (19,5 пачка (100даанадан)* 400 сом)
2222
290,7
Жалал-Абад шаарына караштуу мекемелердин кызматкерлерине антисептик (1615 даана (200мл.)* 180 сом)
2222
150,0
Коргоочу костум 150 даана 1000 сомдон
2222
30,0
Дары чачуучу аппрата 10 даана 3000 сомдон
2222
1800,0
Хлор (10 тонна)
2222
28,0
Озгочо кырдаалдар болумуно (шаардын дез инфекция иштерине керектелуучу мотопомпа)
4
Шаардык ички иштер башкармалыгы
2111
620,0
Кызматкерлерге материалдык жардам
2214
238,0
Куйууча май
2214
45,0
Кызматтык унааларды ондойт
2217
327,0
Медициналык багыттагы чыгымдар (беткап, санитайзер, аба тазалоочу, хлордоо ж.б.)
2218
40,0
Кызматкерлерге запастык азык тулук
2222
10,0
Кызматтык кабинеттерди жууп тазалоо учун сатып алуулар
2223
720,0
Кызматкерлерди атайын кесиптик кийимдери (обмундирование)
5
ЖАОКО (облустук ооруканага)
2217
1000,0
Короновирус ооруусуна байланыштуу атайын, костюмдар, респераторлор, маскалар, залалсыздандыруу буюмдары жана б.
6
Жалал-Абад Тазалык
2214
3613,9
Куйуучу май алууга
7
Шаардык жолдор башкармалыгы
3314
5000,0
Кредит кайтарууга
8
Билим беруу болуму
2231
2000,0
Жылуулук энергиясына
9
Жергиликтуу бюджеттен каржыланган мекемелерге
2111/2121
10445,9
Мекемелердин берген эсептерине ылайык эмгек акынын жогорулашына жана муниципалдык кызматкерлердин баалоонун жыйынтыгы менен кошулган кошумча каражат
Жалпысы
53500,0
53500,0
Жооптуу катчы
Н.Орозбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 65 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда…Постановление · 05.02.2020 · № 65 · Утратил силу