# Токтогул шаардык кенешинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 17 (07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кенешинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 17 (07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17
- Дата принятия: 28.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481063>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69370/edition/1024789/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кенешинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 17 (07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому (ред. от 28.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/481063

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2020-жылдын 28- марты № 17

07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамына, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Жарандык коргонуунун башчысы Т.Жайыловдун Токтогул районунда өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча 22.03.2020-жылдагы №46 буйругунун негизинде, Токтогул шаарында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылып кетишинин алдын алуу, келип чыгуу тобокелдигин максималдуу азайтуу, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, ага карата ыкчам чараларды көрүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 23.03.2020-жылдагы №01-34/213 сунушун “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы менен бирге карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагылардын негизинде, 07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.

2. Ага ылайык, жыл башында бекитилген акча каражаттарын кыскартуу жана аны чыгымдоо ушул токтомдун Тиркемесине (Таблица 1,2) ылайык жүргүзүлсүн.

3. Тиркемеде көрсөтүлгөн акча каражатын өз багытында пайдаланууну камсыздоо максатында атайын комиссия түзүлсүн.

4. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) тапшырылсын.

5. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

28.03.2020-жылдагы кезексиз

XXII сессиясынын № 17 токтомуна Тиркеме

07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесинен кыскатылуучу акча каражаттары боюнча маалымат

Таблица 1

№

Статьясы

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

3111

ОсОО “Имран-Али” (кредитордук карыз, 50-пункт )

640,3

2

3111

Проект институту (кредитордук карыз, 50-пункт)

665,8

3

3111

Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоо (44-пункт)

1500,0

4

2215

Жол сызыктарын чийдирүүгө (33-пункт)

300,0

Жалпы:

3106,1

Кыскартуудан алынган акча каржаттарын чыгымдоо багыттары Таблица 2

№

Ста тьясы

Каражатты колдонуу багыты

Сумма (миң сом)

1

2214

Бензин (1 т)

40,0

2

2214

Солярка (3 т)

126,0

3

2215

Хлор (гипохлорид кальция) менен дезинфекциялоо иштерине (анын ичинде “Суу канал” сунушу менен ичүүчү сууга)

200,0

4

2215

Чарбалык товарлар (унааларды токтотуучу пост уюштуруу, обсервацияга алынгандарга шарт түзүү үчүн)

15,0

5

2215

Антисептик каражаттары үчүн

8,2

6

2215

Шаарга кирүүчү ички жолдорду жабуу (шагыл)

40,4

7

2215

Дезинфекция иштерин жүргүзүү кызматына ( көп кабат үйлөрдүн кире бериштерин, лестницаларын)

20,0

8

2222

Хлор чачуучу шаймандар менен камсыздоо (бочка, хлор чачкыч)

14,9

9

2223

Өзгөчө кырдаал учурундагы иштер үчүн атайын кийимдер, респиратор, маска ж.б менен камсыздоо үчүн

180,0

10

2511

Суу башатын куралдуу кайтарууга алуу үчүн “Суу канал” ишканасына субсидия (апрель-июнь, 3 айга)

105,0

11

Өзгөчө кырдаал (резервдик сумма)

2356,6
