# Токтогул шааардык кенешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 14(07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому

- Полное наименование: Токтогул шааардык кенешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 14(07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14
- Дата принятия: 13.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/481060>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69367/edition/1024781/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шааардык кенешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 14(07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому (ред. от 13.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/481060

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

2020-жылдын 13-марты № 14

07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына ылайык, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жыдын 07-февралындагы кезектеги XX сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык төмөндөгү өзгөртүүлөр эске алынсын:

- жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун 2-абзацы төмөндөгү редакцияда кабыл алынгандыгы белгиленсин:

“Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын мэриянын атайын каражат эсебине накталай которуу жолу менен төлөөгө милдеттенет”; 3-пунктундагы 250 000 (эки жүз элүү миң) сом “500 000 (беш жүз миң ) сом” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).

3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

4 .Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

М.Н.Жусупахунов
