Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Токтогул шааардык кенешинин (07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2020-жылдын 13-марты № 14
07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына ылайык, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жыдын 07-февралындагы кезектеги XX сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык төмөндөгү өзгөртүүлөр эске алынсын:
- жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун 2-абзацы төмөндөгү редакцияда кабыл алынгандыгы белгиленсин:
“Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын мэриянын атайын каражат эсебине накталай которуу жолу менен төлөөгө милдеттенет”; 3-пунктундагы 250 000 (эки жүз элүү миң) сом “500 000 (беш жүз миң ) сом” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
4 .Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
М.Н.Жусупахунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Токтогул шаардык кенешинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 17 (07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө) токтомуПостановление · 28.03.2020 · № 17