Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин (Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2021-2022-жылдарга божомолун жана 2020-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жана 01.01.2020-жылга расчеттук счеттогу (атайын каражат менен бирге) калдыкты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө) токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
2020-жылдын 04-февралы № 4 Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2021-2022-жылдарга божомолун жана 2020-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жана 01.01.2020-жылга расчеттук счеттогу (атайын каражат менен бирге) калдыкты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмүтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2021-2022-жылдарга божомолу жана 2020-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин X сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылга такталган кирешелердин аткарылышы атайын каражаттар менен 15178,1 миң сом өлчөмүндө, чыгашалар бөлүмдөр, статьялар аралык жылдыруулар менен жыл башындагы калдыкты кошкондо 16472,2 миң сомго такталып, чыгашалардын анык аткарылышы 14922,8 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга киреше бөлүгүнүн божомолу 7165,2 миң сом, 2022-жылга 7349,2 миң сомго, ал эми теңдөө грантынын 2021-жылга божомолу 4741,1 миң сомго, 2022-жылга 4812,4 миң сомго жактырылсын.
3. 2020-жылга бюджеттин кирешелеринин көлөму жалпысынан 12083,4 миң сом анын ичинен теңдөө грантынын көлөмү 5186,2 миң сом, жергиликтүү бюджет 5697,2 миң сом, атайын каражат 1200,0 миң сом менен (ата-энелер төлөмү) №2 тиркемеге ылайык, ал эми чыгымдардын көлөмү бөлүмдөр, беренелер боюнча 12083,4 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Теңдөө грантынын көлөмү 5186,2 миң сом өлчөмүндө биринчи кезекте эмгек акы жана соц фондго чегеруу, тамак-аш, коммуналдык чыгымдарды, каржылоого №4 тиркемеге ылайык багытталсын.
5. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси “жөнундө мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 107,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамынын №52 статьясына ылайык, айыл өкмөтүнө 2 (эки) айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
7. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу үчүн 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн типтуу түзүмү жана штат бирдиги КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтому, 01.03.2017-жылдагы №131 токтому жана 07.08.2017-жылдагы №466 “КР мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” токтомунун негизинде эмгек акы төлөө фонду 3224,1мин сом, соц.фонд 478,1мин сом өлчөмүндө, 18 (он сегиз) штат бирдиги №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 токтомдун негизинде маданият кызматкерлерине 7 штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы 360,6мин сом өлчөмүндө жана 13-сентябрь 2011-жылдын №545 токтомуна ылайык иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Башкаруу бөлүмүнүн чыгашалары 2211-166,0 миң сом, 2212-46,6мин сом, 2214-169,6 миң сом, 2215-783,5 миң сом, 2222-70,0 миң сом, 2231-121,4мин сом, 2824- 107,7 миң сом, 3112-50,0 миң сом жалпы 5217,0 миң сом өлчөмүндө №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. ЖКХ- бөлүмүнүн чыгашалары 2214-100, 0мин сом, 2215-1130,0 миң сом, 2221-150,0 миң сом, 2231-425,6 миң сом, 3111-570,0 миң сом, 3112-180,0 миң сом жалпы 2555,6 миң сом өлчөмүндө №8 тиркемеге ылайык жактырылсын.
12. Маданият бөлүмүнүн чыгашалары 2211-5,1 миң сом, 2215-215,0мин сом, 2222-15,0 миң сом, 2231-16,6мин сом, 3111-100,0 миң сом, жалпы 774,5 миң сом өлчөмүндө №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Билим беруу бөлүмүнүн чыгашалары 2211-5,1 миң сом, 2215- 35,0мин сом, 2218- 539,0 миң сом, 2222-16,0 миң сом, 2224-35,0 миң сом, 2231-1118,0 миң сом, 3111- 170,0 миң сом, жалпы 1918,10 миң сом өлчөмүндө №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам берүүгө, майыптарга, карыялар күнүнө, апрель революциясында, июль коогаланында курман болгондордун үй-бүлөсүнө жардам үчүн 338,0 миң сом акча каражаты №11 тиркемеге ылайык бекитилсин
15. Айыл өкмөтүндө жыйналган атайын каражаттардын суммасы казына аркылуу пайдаланылсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% республикалык бюджетке алынышы белгиленсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жыл 16-апрель №102-б буйругунун негизинде бөлүнгөн 520, 3 квт электр энергиясынын лимити айыл аймагындагы жалпыга билим берүүчү Ю.А.Гагарин, С.Жээнбеков , А.Тажибаев атындагы орто мектептерине, ”Байчечекей” балдар бакчасына №12 тиркемеге ылайык бекитилсин жана лимитти сактоо жагы ар бир мекеменин жетекчилигине милдеттендирилсин.
17. Ленин айылындагы “Байчечекей” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер төлөмүнөн түшүүчү (атайын каражат) суммасы 1200,0 миң сомго бекитилип, чыгымдары балдардын тамак-ашына №13 тиркемеге ылайык багытталсын.
18. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир айылдын айыл башчысына, ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнь №386 “Жайыттар жөнүндөгү мыйзамын жана КРнын Бюджеттик кодексинин 48 беренесине ылайык айыл өкмөтүндө Жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу 120,3 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын 112,3 миң сому жайыт ижарасына, 8,0 миң сому жер салыгына, №14 тиркемеге ылайык төлөнүп жана жайыт комитетине 80,2 миң сом өлчөмүндө акча каражаты келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
20. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылы 12-октябрда №01-24/166 буйругу менен “Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы жөнүндө” ЖОБОго ылайык айылдык кеңештин төрагасына бир жолку төлөнүүчү компенсация төлөнүп берилсин. Бир жолку төлөнүүчү компенсация, киреше салыгын жана КР Социалдык Фондко чегерүүлөрдү кармап калуу менен жүргүзүлсүн.
22. 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновго милдеттендирилсин.
23. 2020-жылда жергиликтүү бюджетке жыйналган кошумча кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык айылдык кеңештин сессиясынын токтому менен пайдалануу белгиленсин.
24. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын Бюджеттик кодексинин 115 беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
25. Чечимдин мыйзамдуу аткарылышы ФЭБ башчысына жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы
М.Кеңешбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Приказ государственного агентство по делам местного самоуправления и межэтнических отношений при Правительстве КР от 12 октября 2016 года № 01-24/166 "Об утверждении Положения о…Приказ · 12.10.2016 · № 01-24/166
- Распоряжение Правительства КР от 16 апреля 2019 года N 102-р (Об утверждении годовых лимитов потребления электрической, тепловой энергии и природного газа для собственного…Распоряжение · 16.04.2019 · № 102-р
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · Утратил силу