# Кеңеш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 1 (Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга түзулүшүн бекитүү жөнундө 2021-2022 жылдарга болжолу жөнундө.) токтому

- Полное наименование: Кеңеш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 1 (Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга түзулүшүн бекитүү жөнундө 2021-2022 жылдарга болжолу жөнундө.) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 27.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480979>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69292/edition/1018796/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кеңеш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 1 (Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга түзулүшүн бекитүү жөнундө 2021-2022 жылдарга болжолу жөнундө.) токтому (ред. от 27.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480979

---

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы

2019-жылдын 27-декабры № 1 Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга түзулүшүн бекитүү жөнундө 2021-2022 жылдарга болжолу жөнундө. Кенеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2021-2022 жылдарга болжолду түзулүшүн бекитүү жөнүндөгү Ф.Э.Б.башчысы С Капарованын бирдирүүсү угузулуп жана талкуулап Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кенеш айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 33 млн 698 мин 200 сомго, № 1-2-тиркеме ылайык ал эми чыгаша бөлүгү 33 млн 698 мин 200 сом ал эми анын ичинен атайын каражаттын киреше бөлүгү 3 млн 247 мин 600 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 3 млн 247 мин 600 сом бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнундө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрүнө байланыштуу жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү жер салыгы ичинде 1млн 57 мин сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 1 млн 57 мин сомго бекитилсин. Жайыттын киреше төлөмдөрүн планын аткаруусу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасына милдетендирилсин.

3. 2021- жылга кирешелер боюнча болжол 35 млн 046 миң 100 сом суммасында, 2022-жылга 35 млн 649 миң 300 сом суммасында № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. 2021- жылга чыгашалар боюнча болжол 35 млн 046 миң 100 сом суммасында,2022-жылга 35 млн.649 миң 300 сом суммасында № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. 2020-жылы Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттке берилүүчү тендөөчү гранттардын өлчөмдөрү № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Айыл аймагынын 2020-жылга бекитилген бюджеттин беренелерде корсотулгон өлчөмдөрдө кирше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу айыл аймагынын салык бөлумунун башчысы Д Токтогуловко милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Кенештин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7. Кенеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнун өзгөрүлүшүнө жараша салыктын түрлөрунө өзгөртүүлөрдү киргизүү, салык инспекциясынын макулдугу менен жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген уведомлениелердин негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоо айыл аймагынын Ф.Э.Б.нун башчысы С Капаровага милдеттендирилсин.

8. «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнундөгу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүп берилген жана тендештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон жана коммуналдык беренелерине каралары белгиленсин.

9. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 24-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 304 мин 200 сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фонду болуп бекитилсин.

10. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекстин» 110-беренеси Кенеш айыл аймагынын 2020-жылга жүгүртүүдөгү кассалык акчанын көлөмү 50 (элүү) мин сом болуп бекитилсин.

11. Кенеш айыл аймагынын табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2020-жылга кол тийгис 500,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал каржатты максаттуу пайдаланылсын

12. Кенеш айыл аймагынын «Жарандык коргоого» бөлүнгөн 100,0 мин сом акча каражаты«Жарандык коргоо» комиссиясынын иш плаанын негизнде комиссиянын чечими менен иштетүү милдеттендирилсин.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2013-жылдын 8 июль күнкү № 403 токтомуна негиз Кенеш айыл аймагынын кызматкерлеринин штаты 20 бирдик санында жана 4 штаттык бирдик санында техникалык тейлөө кызматкерлери бекитилсин.

14. Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2013-жылдын 8 июль күнкү № 403 токтомуна эскертмесине негиз айыл аймагынын Аскердик Каттоо Бөлумунө 6 штаттык бирдикте инспекторлордун кызматы бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2011-жылдын 31-майындагы №268 “Маданият искусство жана маалмат мекемелеринин кызматкерлерине 10 штаттык бирдик санында бекитилсин.

15. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнундөгу» мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл аймагындагы 8 айылга айыл башчынын кызмат орду киргизилсин.

16. Кенеш айыл аймагынына караштуу айылдардагы мал жана канатуулардын санын тактоо оз ручурунда уколдоп жана дарылоону учурунда камсыз кылуу жана отчотторун жүргүзүү үчүн бюджеттин түрдүү чыгымдар беренесинен малчарба жана ветеринардык кызматы үчүн келишимдин негизинде 116,5 мин сом социалдык төлөмдөр жана чегерүүлөр ичинде кызмат акысы белгиленсин.

17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнун башчысы С.Капаровага тапшырылсын.

18. Кенеш Тазалык муниципиалдык ишканасына субсидия иретинде 300,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

19. Муниципиалдык кызматкерлердин квалификациясын ашыруу тажрыйбасын арттыруу жана башка атайын окууларга жөнөтүүгө 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

20. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссияга айыл аймагынын Ф.Э.Б башчысына жана тапшырылсын.

21. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнундөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расимий VEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

22. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Т Тиленбаевке жүктөлсүн.

Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы:

И.Каипов
