Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ничке-Сай айылдык кеңешинин «№2240 «Чоргочу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2241 Ничке-Сай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылы 28-январы № 133 №2240 Чоргочу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2241 Ничке-Сай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзүлөт,»Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссиясынын курамын беш жыл мөөнөткө түзүү боюнча №2240 Чоргочу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 12 (он эки) жана №2241 Ничке-Сай участкалык шайлоо комиссиясынын курамынаталапкерлерди көрсөтүүжөнүндөгү 16 (он алты) протокол бекитилсин.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн а №2240 Чоргочу жана №2241 Ничке-Сай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы Чондолоева Гульмирага тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:
Т.Эрмекбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62