Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каргалык айылдык кенешинин (Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө) токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы
2019-жылдын 27-ноябры № 65 Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн 14-ноябрь 2019-жылдагы №773-кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айыл аймагынан айыл-кыштакты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512-токтомуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын «Демилге» участкасынын №123, 124, 128- контурларынан 56 га жана “Ынтымак” участкасынын №137, 140, 144- контурларынан 17,4 га - жалпы 73,4 га жер аянты сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которулсун.
2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:
Р.Жунусакунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2018 года № 512 "Об утверждении Временного порядка перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Утратил силу