# Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому

- Полное наименование: Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 26.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480510>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68832/edition/1032235/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому (ред. от 26.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480510

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIХ– сессиясы

2019-жылдын 26-декабры №9 Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №206-токтому менен (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы №349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы №773-токтомдорунун редакцияларына ылайык) Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын электр тармагына ѳткѳрүп берүү боюнча Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIХ–сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №206-токтому менен бекитилген “Турак-жай объекттеринин турмуш тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды, аларды эксплуатациялоону жүзѳгѳ ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз ѳткѳрүп барүү тартибине ылайык, Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык 7 (жети) трансформатор жана электрмамы-чалары “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна акысыз ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Ѳткѳрүп берүү боюнча Могол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тийиштүү жумуштарды жүргүзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.

Могол айылдык Кенешинин төрагасы:

Т.Омурзаков
