# Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №5 (2020-жылы боло турган эл жана турак-жай каттоосун ѳткѳрүү үчүн акча каражат ажыратуу жѳнүндѳ) токтому

- Полное наименование: Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №5 (2020-жылы боло турган эл жана турак-жай каттоосун ѳткѳрүү үчүн акча каражат ажыратуу жѳнүндѳ) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 26.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480506>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68828/edition/1032227/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №5 (2020-жылы боло турган эл жана турак-жай каттоосун ѳткѳрүү үчүн акча каражат ажыратуу жѳнүндѳ) токтому (ред. от 26.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480506

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Могол айылдык Кенешинин VII – чакырылышынын кезектеги ХIХ -сессиясы

2019-жылдын 26-декабры №5 2020-жылы боло турган эл жана турак-жай каттоосун ѳткѳрүү үчүн акча каражат ажыратуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун негизинде 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин эл жана турак-жай фондун каттоо ѳткѳрүү максатында Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХIХ-сессиясы токтом кылат:

1. 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин эл жана турак-жай фондун каттоо иш чарасын сапаттуу ѳткѳрүүнү уюштуруу Могол айыл ѳкмѳтүнүн аппаратына жүктѳлсүн.

2. 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин эл жана турак-жай фондун каттоо иш чарасына талап кылынуучу акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен камсыз кылуу Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Могол айылдык Кенешинин төрагасы:

Т.Омурзаков
