Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Көл шаардык кеңешинин (“Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө”) токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2019-жылдын 19-декабры №189/36-7 “Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Кара-Көл шаардык кеңешинин “Энергетик” фракциясынын лидери Эстебес уулу Тилектин шаардык кеңештин депутаты “Энергетик” фракциясынын мүчөсү Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү жөнүндө сунушун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевич 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн 11 сессияга катышкан жок. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №118 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Мыйзамы жарыяланып, күчүнө киргенден бери Кара-Көл шаардык кеңешинде 4 сессия өткөрүлгөн. Бул өткөрүлгөн сессияларга А.Д.Дуйшалыев катышкан жок. Жүйөлүү себептерин тастыктаган документтери да шаардык кеңештин аппаратына тапшырылган жок. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунун жана 3-бөлүгүнүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Асхат Дуйшалыевич Дуйшалыевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү боюнча Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына сунуштама берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан Асхат Дуйшалыевич Дуйшалыевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
Н.Б.Кыргызалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.