# Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30 декабрындагы № 5 (Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүңдө токтому)

- Полное наименование: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30 декабрындагы № 5 (Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүңдө токтому)
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 30.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480428>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68750/edition/1031957/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30 декабрындагы № 5 (Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүңдө токтому) (ред. от 30.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480428

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

2019-жылдын 30 декабры № 5 Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүңдө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Жайлообаева Заурештин ден соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

Токтом кылат:

1.Коргон-Сай айылынын тургуну Жайлообаева Заурештин кайрылуусу эске алынсын.

2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Жайлообаева Заурештин ден соолугунун оордугуна байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө жардам берилсин .

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик

администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

Ж. Бегалиев
