Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30 декабрындагы № 5 (Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүңдө токтому)
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
2019-жылдын 30 декабры № 5 Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүңдө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Жайлообаева Заурештин ден соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
Токтом кылат:
1.Коргон-Сай айылынын тургуну Жайлообаева Заурештин кайрылуусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын тургуну Жайлообаева Заурештин ден соолугунун оордугуна байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө жардам берилсин .
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы
Ж. Бегалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.