# Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 4 (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому)

- Полное наименование: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 4 (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому)
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 30.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480427>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68749/edition/1031955/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 4 (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому) (ред. от 30.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480427

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

2019-жылдын 30-декабры № 4 Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө

Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата суунун тарифтерин бекитүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

Токтом кылат:

1.Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.

2.Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жалал-Абад областтык антимонополия жөнгө салуу агенттигинин макулдашуусу менен 2020-жылга карата Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында таза суунун тарифи 1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик

администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

Ж. Бегалиев
