# Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы № 1 (№2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү.) жөнүндө токтому

- Полное наименование: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы № 1 (№2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү.) жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 31.01.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.04.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480408>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68730/edition/1031901/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.04.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы № 1 (№2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү.) жөнүндө токтому (ред. от 27.04.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480408

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

2020-жылдын 31-январы № 1 №2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзулөт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ : 1 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамын беш жыл мөөнөткө түзүү боюнча №2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 18(он сегиз) жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 17 (он жети) протокол бекитилсин.

2.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2229 Терек-Суу жана №2230 Чон-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору сунушталсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы Эсенбековага ташырылсын.

4.Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Б. Көксариев
