Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин (№2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү.) жөнүндө токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2020-жылдын 31-январы № 1 №2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзулөт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ : 1 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамын беш жыл мөөнөткө түзүү боюнча №2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 18(он сегиз) жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 17 (он жети) протокол бекитилсин.
2.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2229 Терек-Суу жана №2230 Чон-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы Эсенбековага ташырылсын.
4.Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:
О.Б. Көксариев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62