# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 01-октябрындагы №25/124 (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому

- Полное наименование: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 01-октябрындагы №25/124 (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25/124
- Дата принятия: 01.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/480250>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68575/edition/1031535/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 01-октябрындагы №25/124 (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому (ред. от 01.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/480250

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXV сессиясы

2019-жылдын 01-октябры №25/124 Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө. Сары-Булак айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылынын элин уюлдук байланыш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-статьясынын 3-пункутуна, 32-статьясынын 4-пунктуна,Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Сары-Булак айылынын Сары-Булак участогунан «Нур-Телеком» уюлдук байланышынын фидердик антена жана тетиктерин орнотууга жер берүүгө макулдук берилсин.

2. «Нур-Телеком» уюлдук байланыш ишканасына келишимдин негизинде жер берүү менен берилген жерди жеринде чектеп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу
