# Баткен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 11-августу № 34 "Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 11-августу № 34 "Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34
- Дата принятия: 11.08.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.08.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/470667>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68326/edition/1078286/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.08.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 11-августу № 34 "Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө" токтому (ред. от 11.08.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/470667

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы 2020-жылдын 11-августу № 34 Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 24-беренесинин 6;2-1-пункуттарына жана «КСДП» саясый партиясынын шайланган депутаттардын фракциясынын катарын толуктоо жөнүндөгү «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынын Баткен райондук жана шаардык уюмунун 2020-жылдын 24-июндагы чечиминин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан депутат Амирова Улукбүбү Аскаралиевнанын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу №161. 20.05.20 күбөлүгүнүн негизинде шаардык Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылып, анын ордунуна Баткен шаардык Кеңешинин депутаттыгына тизмедеги талапкер Зикираев Меңдибай Икрамович чакыртылууга макулдук берилсин.

2.Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан депутат Ахмедова Чынара Мамедовна өзүнүн берген арызына ылайык депутаттык мандаты токтотулууга, анын ордуна кезектеги талапкер Абдырахманова Перизат Абдиева чакырылууга макулдук берилсин

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Регламент, депутаттык мандат, мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.

Төрага

А.Ташбеков
