Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык Кенешинин «Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы 2020-жылдын 11-августу № 34 Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 24-беренесинин 6;2-1-пункуттарына жана «КСДП» саясый партиясынын шайланган депутаттардын фракциясынын катарын толуктоо жөнүндөгү «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынын Баткен райондук жана шаардык уюмунун 2020-жылдын 24-июндагы чечиминин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан депутат Амирова Улукбүбү Аскаралиевнанын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу №161. 20.05.20 күбөлүгүнүн негизинде шаардык Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылып, анын ордунуна Баткен шаардык Кеңешинин депутаттыгына тизмедеги талапкер Зикираев Меңдибай Икрамович чакыртылууга макулдук берилсин.
2.Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан депутат Ахмедова Чынара Мамедовна өзүнүн берген арызына ылайык депутаттык мандаты токтотулууга, анын ордуна кезектеги талапкер Абдырахманова Перизат Абдиева чакырылууга макулдук берилсин
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Регламент, депутаттык мандат, мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага
А.Ташбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62