# Самаркандек айылдык Кенешинин 2020-жылдын 23-июну № 47 "Айылдык кеңештин “жооптуу катчы” кызмат орунунун штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Самаркандек айылдык Кенешинин 2020-жылдын 23-июну № 47 "Айылдык кеңештин “жооптуу катчы” кызмат орунунун штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 47
- Дата принятия: 23.06.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/470645>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68304/edition/1078330/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Самаркандек айылдык Кенешинин 2020-жылдын 23-июну № 47 "Айылдык кеңештин “жооптуу катчы” кызмат орунунун штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/470645

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясын

2020-жылдын 23-июну № 47 Айылдык кеңештин “жооптуу катчы” кызмат орунунун штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлелер боюнча мамлекеттик агенттиги. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы айылдык кеңештерине акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү №64 токтомунун негизинде Самаркандек айылдык кеңешинин кезексиз Х сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

Самаркандек айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат ордуна 1(бир) штаттык бирдик бекитилсин. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Шайдуллаевка тапшырылсын.

Сессиянын төрагасы:

М. Тулаев
