# Жаны-Жер айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-январы № 5 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-январы № 5 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 16.01.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.01.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/470212>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67872/edition/1085778/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.01.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-январы № 5 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.01.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/470212

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

2020-жылдын 16-январы № 5 Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 Укук бузуулардын алдын алуу мыйзамына ылайык , 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомунун негизинде айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борбору түзулсун.

2. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун уставы жана “Коомдук алдын алуу борборунун” кеңешинин курамы бекитилсин. (№1,2 тиркеме)

3. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун мыйзамдуу иш-кагаздарын бүтүрүү жана көзөмөлдөө жагы коомдук алдын алуу борборунун төрагасына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлү айылдык кеңешинин жаштар саясаты, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.

Төрага

К. Айбалаев
