# Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-июну № 24 "Ак – Турпак айылдык кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-июну № 24 "Ак – Турпак айылдык кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 16.06.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/470192>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67852/edition/1085736/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-июну № 24 "Ак – Турпак айылдык кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/470192

---

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2020-жылдын 16-июну № 24 Ак – Турпак айылдык кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүүөз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 сандуу катына негиз маселени айылдык кеңшинин депутаттары карап, талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Ак-Турпак айылдык кеңетин штаттык расписаниеси бекитилсин.

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн штаттык расписание менен айлык акы төлөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Кожоевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө Ак-Турпак айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Имаров
