# Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-декабрындагы № 31/3 "Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинин жылуулук сиситемасын жаңылоо боюнча долбоордогу өздүк салымы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-декабрындагы № 31/3 "Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинин жылуулук сиситемасын жаңылоо боюнча долбоордогу өздүк салымы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/3
- Дата принятия: 08.12.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.12.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/468655>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67427/edition/1047602/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.12.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-декабрындагы № 31/3 "Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинин жылуулук сиситемасын жаңылоо боюнча долбоордогу өздүк салымы жөнүндө" токтому (ред. от 08.12.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/468655

---

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезексиз 31 отуруму

2020-жылдын 8-декабры № 31/3 Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинин жылуулук сиситемасын жаңылоо боюнча долбоордогу өздүк салымы жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №23 М .Ташиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жаңылоо боюнча долбоордуу карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21- апрелиндеги №230 токтомунуна негизинде, Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур –Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жаңылоо боюнча долбоорду карап чыгып үлүштүк ( дем берүучү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2439120 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 7% дык 170738 сомдук өздүк салымды Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин .

2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу , максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Азимжановго жана ФЭБ башчысы Ж. Исаковага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Кайназаровга милдеттендирилсин.

Төрага

С. Жээналиев
