# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 17 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 17 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17
- Дата принятия: 15.09.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.09.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/468645>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67417/edition/1047306/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.09.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 17 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө" токтому (ред. от 15.09.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/468645

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезексиз 24-сессиясы

2020-жылдын 15-сентябры № 17 Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык Алча-Башат калктуу конушунун тургундарынын жалпы жыйынынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.

2. Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын.

3. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
