Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин «Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө» токтому
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезексиз 24-сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 17 Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык Алча-Башат калктуу конушунун тургундарынын жалпы жыйынынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.
2. Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын.
3. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
Ш. Арынов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики»Закон · 25.04.2008 · № 65