# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 04.08.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.08.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/468471>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67245/edition/1029341/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.08.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому (ред. от 04.08.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/468471

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы

2020-жылдын 04-августу № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактап калуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Савай-Арык, Чоок калктуу конуштарындагы төмөндөгү контурларда жайгашкан тарыхый-маданий обьектилер корукка алынсын.

1. №122 контурундагы Чоок-Дөбө I

2. №143 контурундагы Чоок-Дөбө II

3. №115 контурундагы Савай-Арык чалдыбары,Чоок-Дөбө III-IV

4. №110 контурундагы Чоок-Дөбө V

5. №185 контурундагы Чоок-Дөбө VI

6. №140 контурундагы Отуз-Адыр чалдыбыры

7. №206 контурундагы Чоок чалдыбары

8. №111 контурундагы Савай-Арык Дөбө I

2. Жогорудагы контурларда жайгашкан тарыхый-маданий обьектилердинайланасына 50 метрден кем эмес аралыкта корук зонасы калтырылсын жана корук зонасында ар кандай курулуш, айдоо жумуштарын жүргүзүүгө тыюу салынсын.

3. Тарыхый-маданий обьектилер жайгашкан контурлардагы жер аянттарына тиешелуу болгон иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик акт алуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. (Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Отуз-Адыр айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун. (А.Мурзаев)

Төрага

Н.Калматов
