Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Корул айылдык кеңешинин «Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отуруму
2020-жылдын 05-июну №40/7 Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовго көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовго сайдын тескей тарабынан сел тосуу максатында убактылуу 5 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 0,40га жер аянты чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын. Көрктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Маназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.11.2011 · № 213 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу