# Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 39/2 "Кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 39/2 "Кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 39/2
- Дата принятия: 28.10.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.10.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/468305>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67079/edition/1025993/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.10.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 39/2 "Кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" токтому (ред. от 28.10.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/468305

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХXIХ заседаниясы

2020-жылдын 28-октябры № 39/2 Кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 9-июлундагы № 123, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 217, 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү тууралуу 32-беренесинин 7-пунктуна таянып, 1991-жылы кыймылсыз мүлктөрдү бөлүштүрүүдө картографиялык материалдарга көрсөтүлбөй калган Жошолу айыл аймагы боюнча жайыт жерлеринде жайгашкан кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу максатында Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХXIХ заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагына караштуу жайыт жерлерде жайгашкан таш короо жана бузулган сарайлардын орундарына мүлк каттоо учурунда картографиялык материалдарга көрсөтүлбөй калган кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жагы Жошолу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго тапшырылсын.

Төрага

З . Боронов
