Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Таш айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментти менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Таш айылдык кеңешинин 6 чакырылыштагы кезексиз 17 сессиясы
2020-жылдын 10-февралы № 48 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментти менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20- жана 31 беренелерине ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Камаловдун билдирүүсүн угуп, Кара-Таш айылдык кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоону жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо департаменти менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
2.Токтомдун аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюумдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы: М.Камалов
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
КЕЛИШИМ
1.Келишимдин талаптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары «Департамент» деп аталуучу, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30- сентябрындагы №238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К. Пратованын атынан , бир тараптан, жана Кара-Таш айыл өкмөтү ( жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын толук аталышы), мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деп аталуучу,
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Боркошов (фамилиясы, аты, атасынын аты), экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө» мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
2.Келишимдин негизи
2.1.Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бериллүүчү трансферттердин көлөмү эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Кара-Таш айыл өкмөтү (Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын аталышы) төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспорту берүү;
-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү; -жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо; -баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;
- никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк берүү;
- «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.
2.2. Кара-Таш айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)
жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.
3.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдардын укуктары жана милдеттери.
3.1.Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергилииктүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын кантролдоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилөөгө; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга; -ушул Келишимде жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуну демилгелөөгө.
3.2.Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук, уюуштуруучулук, консултациялык жана башка жардам көрсөтүүгү, уюуштуруучулук. Консултациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген малекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорлатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;
-Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери.
4.1. Кара-Таш айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарымукуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюуштуруучулук, консултациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттик кат жүзүндөгү сунуштарына соттук тартипте даттанууга;
- ушул Келишимде жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
4.2. Кара-Таш айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Келишимге жана Кыргыз Республикасынын чечимдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;
- квалификацияны жогорлатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча малекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;
-ай сайын, отчңттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайк ведмстволук табыштама берүүгө;
- ай сайын,квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмүнө (мындан ары-Департаменттин ЖААККПКЫ сы) Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө;
- ай сайын, квартал сайын,жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин аймактык ЖААККПКБ сына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси болбогон учурда (ооруп калуу, өргүүдө болуу, окууга баруу ж.б) өз ара алмаштырууну камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси.
5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматкер болуп саналат.
5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.
Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органгынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян-документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт. Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.
5.4 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;
- туугандыгын, аталыкты аныктоону, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туугандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн.;
- туугандыгы, аталыкты аныктоо, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазууларды толтуруу үчүн , ошондой эле туугндыгы тууралуу никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн , ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;
- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;
- «балага сүйүнчү» арыздарын каттоо үчүн;
- арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун эки нускасы үчүн;
- арыз ээсинин жеке өзүнүн катышусусуз кабыл алгандыгы үчүн;
- арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн ;
- «ЖААК» АМС те документтерди өз убагында жана туура тариздөө, аталык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;
- аарыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн:
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;
- аталык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн.
5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууда;
- арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш-аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ЖААКПКБ сына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорлатууга (окууга);
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюуштуруучулук , консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.
5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү;
- жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;
- «Инфоком» МИ КБ нын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;
- берилген документтерден оңдоолор жана же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.
Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчи- Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү- арыз ээсине берилет . Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документерди кабыл алуу масалеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.
5.7.Ушул келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо.
6.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер ( субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн трансферттердин тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин ( субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген.
Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген . Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2-пункутунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгиленген максаттуу трансферттердин ( субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин ( субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4.Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын:
- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе бюумдарын.
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүп берилет.
6.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, обьекттер, техника ж.б.) алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактылуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берилүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.
6.7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.
6.9.Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 штаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.
7.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү.
7.1.Жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ЖААККПКБ сына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт.
-ай сайын 10 –күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;
- ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3- тиркемесине ылайык;
- ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4- күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4- тиркемесине ылайык.
8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби.
8.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары-контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ЖААККПК сы жүргүзүлөт.
8.3.Департаменттин аймактык ЖААККПКБ сы жүргүзүлөт.
- аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүндө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтүмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.
8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзүлөт.
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүгүндө координациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген малекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген малекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана малекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жүргүзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген малекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.
9.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү.
9.1.Ушул келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул Келишим 10.02.20 тартып _______________ чейин колдонулат.
Эгер ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.
9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ: ар бир тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын финансы минстирлигине берилет.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
10.2.Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.
11.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
- Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
- Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечимин мыйзамдуу күчүнө кириши;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;
-ушул Келишим боюнча беридген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүнкүнчүлүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
- мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы ( келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу):
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул келишимде жана же «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).
11.2.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат
- Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн чечимдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.5.Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
11.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.
Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда , Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.
11.7. 30 иш күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекетик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн
мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.
11.8.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген,
Колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу толукталган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
11.9. .Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө толукталган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 иш күндүн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине жазуу жүзүндө билдирет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.
11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
12.Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарына тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтирилгендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик таратышат.
12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюуштуруу, өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик таратат.
13. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби.
13.1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.
14. Тараптардын дареги жана колу
Департамент ЖӨБ органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Ош областы каттоо кызматынын алдындагы Өзгөн району Калкты жана жарандык абалдын Кара-Таш айыл өкмөтү актыларын катоо департаменти уңкүр айылы Бишкеке ш.Киев көчөсү, 58 уңкүр көчөсү (312) 66 61 20, факс (312 ) 66 23 29
Департаментин директору Айыл өкмөтүнүн башчысы:
М.Пратова Б.Боркошов
кол тамгасы жана мөөрү бар кол тамгасы жана мөөрү бар
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2014 года № 715 "Об утверждении Временной методики расчета объема трансфертов, предоставляемых местным бюджетам из республиканского…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Постановление Правительства КР от 30 мая 2013 года № 304 "Об образовании Департамента регистрации населения и актов гражданского состояния при Государственной регистрационной…Постановление · 30.05.2013 · № 304
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2017 года № 238 "Об утверждении Инструкции о порядке приема документов, оформления, изготовления (персонификации), учета, выдачи и…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Утратил силу