Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6 – чакырылышынын кезектеги 30 – сессиясы
2020-жылдын 11-июну № 30-3
Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймагынын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинде 2 штаттык кызмат орду (Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы) жана анын айлык акылары каралгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25/119-сандуу чыгуу катынын негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаттык жадыбалын бекитип берүү боюнча Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25.119 катына негиз Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Бекитилген штаттык бирдиктин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» жана «Укук,регламент жана мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
А.Топчубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 64 "Об утверждении перечня должностей в айылных кенешах, замещаемых на возмездной основе"Постановление · 05.02.2020 · № 64
- Постановление Правительства КР от 4 марта 2020 года № 124 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Постановление · 04.03.2020 · № 124