Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Төрөбай Кулатов» атындагы музейге Мекеме түзүү жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 27-14
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Төрөбай Кулатов» атындагы музейге Мекеме түзүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Төрөбай Кулатов» атындагы музейге Мекеме түзүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 18-августундагы № 495 токтомуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Төрөбай Кулатов» атындагы музейи Мекеме болуп ачылууга макулдук берилсин.
2. «Төрөбай Кулатов» атындагы музей Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Топчубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.