Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну Токторбаев Мундуздун арызын кароо жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6 – чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 27-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну Токторбаев Мундуздун арызын кароо жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну Токторбаев Мундуздун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамына негиз жергиликтүү бюджеттен акча берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну Токторбаев Мундузга, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамына негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20000 (жыйырма мин сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
А.Топчубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике»Закон · 19.12.2001 · № 111