Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин 4 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтомун айылдык кеңеште кароо жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара –Кулжа айылдык Кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 25-июну № 23/ 4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтомун айылдык кеңеште кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын 08.08.2019-жылдагы № 115 мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтомун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 08.08.2019-жылдагы № 115 мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтому Кара-Кулжа айылдык кеңешинде аткарууга алынсын.
2. Кара-Кулжа айылдык кеңешитин төрагасы жана катчысы эмгек акы төлөө негизиндеги кызмат орундары бекитилсин.
3. Кара-Кулжа айылдык кеңешитин төрагасынын жана катчысынын эмгек акы маселесин тескеп берүү жагы райондук аймактык финансы башкармачылыгынын башчысы (Г.Б.Үмөталиева) суралсын.
4. Кара-Кулжа айылдык кеңешитин катчысынын төмөндөгү аткаруучулук (функционалдык) милдеттери бекитилсин:-
-айылдык кеңешитин номенклатуралык иш кагаздарын жүргүзүү; -айылдык кеңешке келген жана чыккан каттарды, билдирүүлөрдү, маалыматтарды катар белгисин белгилөө түп нускасын делого тигүү;
- айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын бекитүү жана каттоо журналына каттоо;
- айылдык кеңешитин жана туруктуу комиссияларынын жыйналыштарынын чакыруу каттары таркатуу;
-туруктуу комиссияларынын чечимдеринин долбоорун даярдоо;
- айылдык кеңешитин жыйналыштарынын протоколдорун жазуу;
-айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын долбоорун даярдоо;
- айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын жалпы маалымат каражаттарына чагылдыруу;
-айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын юридикалык каттоодон өткөрүү; -айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын системалаштыруу, юридикалык сактоого жооптуу; -айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын, протоколдорун мамлекеттик архивге тапшырууга тизим түзүү жана эксперттик комиссиядан бекитүү; -айылдык кеңешитин жыйналыштарында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын, протоколдорун түбөлүк сакталуучу документтерди мамлекеттик архивге тапшыруу жана өткөргөндүгү жөнүндө АКТ түзүү;
- нотариалдык иш аракеттерди жүргүзүү, ченемдик укуктук актыларындагы кол тамгаларды күбөлөндүрүү;
- айылдык кеңешке жарандардын даттануулары жана кайрылуулары менен иштөөнү уюштуруу;
- айылдык кеңешитин жана туруктуу комиссияларынын жыйналыштарында кабыл алынган чечимдеринин жана токтомдорунун, буйруктарынын аткарылышын уюштуруу;
- айылдык кеңешитин регламенттинде белгиленген иш-тапшырмаларды аткарууга алат;
5. Эмгек акы төлөө негизиндеги айылдык кеңешитин катчысына сейф, жаны үлгүдөгү компютер, принтер-скайнери менен, проектор уюштуруу техникалары менен камсыздоо жана эмгек бөлмөсүнө шарттарды түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Турдубай уулу Тилекке жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго тапшырылсын.
Төрага
Б.Саипов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 24/3 "Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 26.11.2020 · № 24/3
- Мангыт айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-июлундагы №28-75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча…Постановление · 11.07.2020 · № 28/75