Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жылалды айылдык кеңешинин «Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө» токтому
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезексиз XX - сессиясы
2020-жылдын 18-июлу №8 Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 292 токтомунун негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдардын арызын канааттандыруу максатында айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж. Кабыловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик үй куруучулар үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун эсебинде турган жалпы 26,5га сугат айдоо жер аянты ажыратылып берилсин:
1. Жылалды айылынан 10,80га сугат айдоо
2. Красный-Маяк айылынан 13,7га сугат айдоо
3. Кальта айылынан 2,0га сугат айдоо
2. Керектүүиш кагаз документтерин даярдап берүүжагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “ Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүүдокументтерди даярдап берүүжагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М.Акназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.