# Н.Исанов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-сентябрындагы № 12-9 "Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме- Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин таш майдалоочу цех курууга берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Н.Исанов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-сентябрындагы № 12-9 "Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме- Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин таш майдалоочу цех курууга берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12-9
- Дата принятия: 19.09.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.09.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/467908>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66682/edition/1022651/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.09.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Н.Исанов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-сентябрындагы № 12-9 "Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме- Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин таш майдалоочу цех курууга берүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.09.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/467908

---

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 12 - отуруму (сессиясы)

2020-жылдын 19-сентябры № 12-9 Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме- Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин таш майдалоочу цех курууга берүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме-Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесин 2019-жылдын 4-мартында жайыт комитети менен биргеликте №22 номерлүү типтүү келишимге негиз, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2019-жылдын 27-ноябрында №2019/28066 менен катталып, 2019-жылдын 4-матынан 2026-жылдын 4-мартына чейин 7 жылдык мөөнөт менен 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомго негиз Ысакбаев Улукбекке берилген.Ушул жерди таш майдалоочу цех максатында берүү сунушун, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме-Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкуесин 2019-жылдын 4-мартында жайыт комитети менен биргеликте №22 номерлүү типтүү келишимге негиз, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2019-жылдын 27-ноябрында №2019/28066 менен катталып, 2019-жылдын 4-матынан 2026-жылдын 4-мартына чейин 7 жылдык мөөнөт менен 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомго негиз Ысакбаев Улукбек сунушу кабыл алынсын.

2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө айылындагы токой чарбасына караштуу бакчанын чыгыш тарабынан Эшме-Сай сел түшүүчү сайдын 10 га жер тилкесине тургундардын макулдугу менен таш майдалоочу цех курууга макулдук берилсин.Иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жер боюнча башкы адис М.Маликовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн

Н.Исанов айылдык Кеңешинин

Төрагасынын орун басары Б.Эргешов
