# Чалма айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 34/1 "Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чалма айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 34/1 "Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34/1
- Дата принятия: 15.06.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/467794>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66571/edition/1019961/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чалма айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 34/1 "Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/467794

---

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ЧАЛМА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ОТУЗ ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫНЫН (VI ШАЙЛАНГАН)

3АСЕДАНИЯСЫ

2020-жылдын 15-июну № 34/1 Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Чалма айыл кеңешине айылдык кеңештин жооптуу катчысы 1 штаттык кызмат орду жана 5000 сом өлчөмүндөгү айлык акысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын

Төрага

А.Кадыркулов
