# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 01-5/54 "Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 01-5/54 "Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/54
- Дата принятия: 07.12.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.12.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/453432>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66347/edition/1176152/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.12.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 01-5/54 "Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 07.12.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/453432

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-декабры № 01-5/54 Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясы, шаар китепкананын башчысынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык, ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбоорун китепкана базасында ачууга керектелүүчү каражаттарды камсыздап берүүнү сураган кайрылуусун, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбооруна ылайык китепкананын эки кызматкерине 2021-жылдын май айынан баштап 2021-жылдын 31-декабрына чейин ар бирине 2000 (эки) миӊ сомдон төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н.А. Абдуразаков
