Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-декабры № 01-5/54 Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясы, шаар китепкананын башчысынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык, ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбоорун китепкана базасында ачууга керектелүүчү каражаттарды камсыздап берүүнү сураган кайрылуусун, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбооруна ылайык китепкананын эки кызматкерине 2021-жылдын май айынан баштап 2021-жылдын 31-декабрына чейин ар бирине 2000 (эки) миӊ сомдон төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н.А. Абдуразаков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 7 декабря 2020 года № 598 "Об открытии центров развития ребенка"Постановление · 07.12.2020 · № 598
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу