# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы № 01-5/25 "Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-36/854 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы № 01-5/25 "Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-36/854 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/25
- Дата принятия: 20.08.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.11.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/453391>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66309/edition/1176147/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.11.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы № 01-5/25 "Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-36/854 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 19.11.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/453391

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 20-августу № 01-5/25 Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-36/854 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө (Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52 токтомунун редакциясына ылайык)

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасына таандык болгон “Көлмөн” участкасынын аянты 41,0 га токой фондунун жерине, өнөр жай зонасын куруу максатында трансформациялоо маселесин угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобосун жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-36/854 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.

1) Которулуучу (транформациялануучу) токой фондунун жайыт жер аянттары төмөндөгү контурларда жайгашкан: К-256, 33,0 га, К-301, 8,0 га жалпысы 41,0 га.

(Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 11.08.2021-жылдын №01-06/527 сандуу корутундусунун жана картографиялык материалдарынын негизинде, Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасына таандык болгон “Көлмөн” участкасынын аянты 41,0 га болгон токой фондунун жайыт жерин, өнөр жайдын транспорттун, байланыштын жана башка жери категориясына которулсун.

(Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасына таандык болгон “Көлмөн” участкасынын аянты 41,0 га токой фондунун жайыт жерин, өнөр жайдын транспорттун, байланыштын жана башка жери категориясына которуу (транформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекетти администрациясына сунушталсын.

(Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Н.А. Абдуразаков
