# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 21 "Акча каражатын которуп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 21 "Акча каражатын которуп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 21
- Дата принятия: 11.02.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/453164>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66193/edition/1175059/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 21 "Акча каражатын которуп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/453164

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2022-жылдын 11-февралы № 21 Акча каражатын которуп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы №228 токтомун аткаруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө керектелүүчү 273 000 (эки жүз жетимиш үч миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.(тиркемеге ылайык)

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук

мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.

6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы

М.Аликеев
