Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өмүралиев айыл кеңешинин «Өмүралиев айыл кенеши Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 2021 - жылга бюджетин бекитүү жана 2022-2023- жылдарга божомолу жөнүндө « токтому
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 36 кезексиз кеңешмесинин токтому 2021-жылдын 09-февралы № 183 Өмүралиев айыл Кенеши Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 2021 - жылга бюджетин бекитүү жана 2022-2023- жылдарга божомолу жөнүндө Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 2020 -жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Өмүралиев айылдык аймактык Кеңешинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 10063,4 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 10063,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин
3. Өмүралиев айылдык аймактык Кенешинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Өмүралиев айылдык аймактык Кенешинин 2021-жылга чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардын турары белгиленип бекитилсин.
5. Өмүралиев айылдык аймактык Кеңештин 2021-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 3 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. 2021-жылга карата айылдык аймагы боюнча резервдик фонд 92,6 мин сом эсебинде түзүлсүн, чыгашанын аткарылышы боюнча козөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн. № 4 тиркеме түзүлсүн.
7. 2021-жылга атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша болугу 800,0 мин сомго №5 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин .
8. Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 215,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү үчтөн эки бөлүгү 143,8 миң сом өлчөмүндө жайыт комитетинде, үчтөн бир бөлүгү 71,9 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилсин.
9. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айылдык аймактык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
10. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин
11. Жер салыктар: Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджеттин доолборуунун негизинде Омуралиев айыл аймагынын жергиликтүү жер салыктарына 595,0 мин сомго,кошумча 30,0 миң ,жалпы 625,0 мин сомго бекитилсин.
Жалпы мамлекеттик салыктар. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджеттин доолборуунун негизинде Омуралиев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салык 4780,6 мин сом берилген,Омуралиев айыл аймагынын 2021- жылга 1059,4 мин сом ашык түшоору пландалып бекитилсин. Салыктык эмес кирешелер. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджеттин доолборуунун негизинде Омуралиев айыл аймагынын атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша болугу 550,0 мин сомго, кошумча 250,0 миң, жалпы 800,0 мин сомгобекитилсин.
12. Өмүралиев айыл аймагынын,айыл өкмөтү 2021-жылга карата бюджетти 10063,4 миң сомго бекитилсин.2022-жылга карата бюджетти 9213,9 миң сомго,2023-жылга карата 93309,0 миң сомго болжолдуу түрдо бекитилсин.
13. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн беренеден беренеге, чейректен чейрекке жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
14. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 15 штаттык бирдиги- анын ичинде: 1 штат кенже тейлөө кызматкери, 1 штат техникалык тейлөө кызматкери, 2 штат бирдиги аскердик каттоо столунун КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы №403 токтомунун жана кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылды 7-августундагы №466 токтомунун негизинде бекитилсин.
15. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу боюнча төлөмү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 19-ноябрындагы №436 протоколунун негизинде бекитилсин.
16. Талас райондук маданият бөлүмүнүн Талас райондук борборлоштурулган Б.И.Мукуйтова атындагы китепканасына караштуу Өмүралиев айылдык аймагынын алдындагы Чатбазар жана Манас айылындагы китепканасына 2 китепкана башчысы 1 китепканачы, 1 парк башчы,1 клуб башчы КРӨ 2019-жылдын 27-августундагы №429 токтомунун негизинде бекитилсин
17. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы эркин каражаты 2666,9мин сомго бекитилсин. Б.Жанузаков орто мектебине шифер алганга -1,6 миң сом ,а/окмоттункызматкерлерине компьютерден коргоочу форма-12,0 миң сом.Б.Жанузаков орто мектебине жылытуу системасын киргизуу 1000,0 миң сом.Табличка кабинетерге,ж-акочолорго -12,0 миң сомго.ГСВ №6 кондиционер орнотууга кызмат акысы-5,0 миң сом Аксай сервизге МАЗ автомашинасына тетиктерин алганга-23,3 миң сомго.Ш.Жумагулов орто мектебине спорт залынын ремонт иштерине35,0миңсомго.Сейсмостойкага жаны балакчага,а/о конторасына 66,0 миң сом .Б.Жанузаков ж-а А.Оторбаев о/мектебине пожарный сигнализациясына-154,0 миң сом .ДЮСШ га компьютер ,принтер 41,0 миң сомго.Аксай,Чат-Базар кочолоруно суу тартуучу турба 1600 м-238,0 миң сомго.Саватарова Назгулго жардам 2,0 миң сомго.Китепканаларга принтер -19,0 миң сомго.Жер адиске цветной принтер-28,0 миң сом.Китепканаларга стеллаж жасатууга -30,0 миң сомго. Жалпы 1666,9 миң сомго бекитилсин
18. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Өмүралиев айыл Кеңешининалдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы:
У.Алмолдоев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 27 августа 2019 года № 429 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 27.08.2019 · № 429
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 201 "Об утверждении актов в области общественного здравоохранения"Постановление · 11.04.2016 · № 201
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу